​Алай районунда милиция кызматкеринин сөөгү табылды

  • 3 года мурун

28-январда Алай районундагы Гүлчө дарыясынын жээгинен милиция кызматкеринин сөөгү табылды. Ал Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн 32 жаштагы участкалык кызматкери экени аныкталды.

Милициянын сөөгүн дарыядан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы алып чыкты.

Маркумду сырттан кароо жүргүзүлүп, башында, оң кулагынын үстүндө, колдорунда жана бетинде жараттар табылып, киши колдуу болгону аныкталды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымынада, маркум 2020-жылдын 27-январда 21:00 гө чейин жумушта болгон. Жумуш убактысы бүткөндө жашаган үйүнө кеткен. Милиция кызматкери каза болор күнү достору менен туулган күнүн белгилеп, спирттик ичимдик ичилгенден кийин мас абалында чатак чыккан. Жанындагы достору аны сабап коюшкан. Алган жарааттарынан көз жумган.

Окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки териштирүү башталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кылмышка тийиштүү далил буюм катары сөөктү дарыянын жээгине салып келген «Deu Nexia» үлгүсүндөгү кара түстөгү автоунаа жана мушташ учурунда колдонулган арматуранын сыныгы алынып тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Бул окуя акыркы бир ай аралыгында Ош облусунда милиция кызматкерлерине экинчи кол салуу болуп калды. Ушул айдын башында 12-январдан 13-январга оогон түнү Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторуна кол салуу болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты