​Садыр Жапаров Президент катары ант берип, кызматына киришти

  • 3 года мурун

Садыр Жапаровдун ант берүү аземи Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровдун шайлоодон жеңип чыккандыгын жарыя кылды.

2020-жылдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик чукул алмашкан. 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.

Садыр Жапаров эл алдында ант берди. Ал кудайдын жана элдин алдында адилет башкарып, адам укугун, Конституция нормаларын сактай турганына ант берди.

БШК төрайымы Шайлдабекова Садыр Жапаровго Президенттин күбөлүгүн жана штандартын тапшырды.

Садыр Жапаров ант берүүдөн кийии сөз сүйлөдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты