Кыргызстандын мурдагы Президенттеринин инаугурациясы кандай өткөн? (ВИДЕО)

Эртең, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтөт.

Шайланган президенттин ант берүү аземинин уюштуруу комитетин Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жетектеди.

Сүйүнбек Касмамбетов: “Иш чарага өкмөт мүчөлөрү, Жогорку сот, Конституциялык палата, БШКдан өкүлдөр чакырылды. Мамлекеттик кызматкерлердин тизмеси минималдуу түрдө түзүлдү. Инаугурация ишинин долбооруна 15 млн сомго жакын сумма бөлүнгөн. Бирок азыркы тапта чыгымдар 10 миллионду түздү” деп кабарлаган.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

Каржы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгына инаугурацияны уюштурууга жалпы 8,5 млн бөлүнгөнүн билдиришти. Анын 5 миллиону айдын башында бөлүнсө, 3,5 млн жакында эле бөлүнгөн.

Ал эми Кыргыз Республикасынын мындан мурдагы беш Президентинин ант берүү аземи кандай өткөн?

Кененирээк видеодо:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты