Юристтер коомчулугу: ЖК регламенти жөнүндө мыйзамга, укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү боюнча үч депутаттын демилгеси мыйзамсыз

Кыргызстан юристтеринин коомчулугу ЖК регламенти жөнүндө жана КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КР ЖК үч депутаты, Бактыбек Турусбеков, Умбеталы. Кыдыралиев жана Акылбек Жапаровдун, 2021-жылдын 21-январындагы шашылыш, мыйзамсыз жана негизсиз демилгесине каршы экенин билдирди.

-ЖКнын үч депутаты 2021-жылдын 21-январында демилгелеген мыйзам долбоору Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жөнүндө мыйзамды коомдук талкуусуз дароо үч окууда кабыл алууну сунуш кылат.

ЖК депутаттарынын эсине сала кетебиз, Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат, бул мыйзамдар бүткүл элдин кызыкчылыгында кабыл алынаарын билдирет. Бул мыйзамдарды талкуулоого жана кабыл алууга жарандардын катышуусу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө чакырылган бардык жол-жоболук талаптарды кыйшаюусуз сактоону талап кылат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласында жана 1-беренесинде бир катар принциптер бекитилген, алар биздин өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүнүн негиздерин аныктайт. Ушундай маанилүү принциптердин бири болуп демократиялык жана укуктук мамлекеттин принциптери саналат. Бул принциптер мамлекеттик органдардын ишинде ишке ашырылат.

Мыйзам чыгаруу жол-жоболорунун алкагында демократиянын жана укуктук мамлекеттин принциптери мыйзамдарды кунт коюу менен карап чыгуунун, талкуулоонун жана кабыл алуунун бардык мөөнөттөрүн жана стадияларын сактоону талап кылат. Бул стадиялар болсо милдеттүү түрдө коомдук маанидеги ар кандай маселелер боюнча ачык коомдук талкууларды жана өз позицияларын билдирүүгө жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт.

Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, жарандар республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга укуктуу. ЖКнын Регламенти жөнүндө мыйзамга жана мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге КР жарандарын бул укуктан ажыратат, ушул мыйзам долбоору кабыл алынган учурда бул Кыргызстандын Парламенти тарабынан Конституцияны жана демократиялык жана укуктук мамлекеттин принциптерин одоно бузуу болуп калат.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу биз:

Жогорку Кеңеш депутаттары Акылбек Жапаровду, Бактыбек Турусбековду жана Умбеталы Кыдыралиевди Кыргызстанда конституциялык түзүлүштүн жана укуктук мамлекеттин негиздерин бузууну токтотууга жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кайра чакыртып алууга;

алтынчы чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешин көрсөтүлгөн мыйзам долбооруун кароодон баш тарууга чакырабыз!

Юристтер 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин мөөнөтү 2020-жылдын 4-октябрында аяктады жана ошондуктан Парламент пророгация абалында турат, башкача айтканда, парламенттин ыйгарым укуктары чектелүү деп бир нече жолу ырастаган. 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өлкөдөгү стабилдүүлүктү жана президенттик жана парламенттик шайлоолорду өз учурунда өткөрүүнү камсыз кылуучу чараларды көрүүгө укуктуу. Кыргызстан эли өлкөдө бийликтин жаңы мыйзамдуу бутагын түзүүгө тийиш.

2020-жылдын 4-октябрынан тартып 6-чакырылыштагы Парламент (Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын 2020-жылдын 17-ноябрындагы Amirus Curiae шашылыш корутундусуна ылайык) өзгөчө чараларды беките албайт. Тиешелүү түрдө, депутаттар конституциялык мыйзамдарга, ошондой эле конституциялык референдум жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү кабыл алууга мыйзамдуу да, легитимдүү да укукка ээ эмес, -деп айтлат билдирүүдө.

Юристтер жөнөкөй ыйзамдар бир ай коомдук талууга коюлуп, парламенттин тиешелүү комитеттеринен, зарыл болсо парламенттик талкуудан өтүп жатса Конституцияга байланышкан мыйзамдар шашылыш кабыл алынышы туура эмес деп эсептешет.

Сүрөт коллажы: «Азаттык».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты