Акылбек Жапаров Кытайга жумуш сапары менен барат
- 4 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарында 25-27-июнда жумуш сапары менен барат.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Акылбек Жапаров “Кытай-Евразия ЭКСПО: Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышат.
Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар болоору пландалууда. Мындан тышкары МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровдун ири корпорациялардын жана компаниялардын жетекчилери менен жолугушуулары күтүлүүдө.
Сүрөттө: Үрүмчү шаары. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү