Статистика комитети: Аялдарга карата кылмыштардын саны өстү
- 4 года мурун
Улуттук статистика комитети аялдарга карата кылмыштардын саны өсүп жатканын билдирди.
2019-жылы республиканын аймагында аялдарга карата 4,4 миң кылмыш жасалган, бул 2018-жылга салыштырмалуу 14 % га көп.
2018-жылга салыштырмалуу адам уурдоо (2,3 эсеге), зордуктоо (2,1 эсеге) жана адам сатуу (2 эсеге) учурларынын үлүшү өстү.
Ошондой эле 2019-жылы аялдарга карата мажбурлап никеге тургузуу менен байланышкан 24 кылмыш жана диний ырым-жырымдарды өткөрүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен 11 кылмыш жасалган.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү кризистик борборлорго жана сейрек учурларда гана башка мекемелерге кайрылышат. 2019-жылы ушундай мекемелерге үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча жалпысынан 7 818 адам кайрылган, алардын көпчүлүгү (85 пайызы) аялдар.
2019-жылы кризистик борборлорго 6 687 адам кайрылган. Кайрылгандардын жалпы санынын 90% аялдар түзөт.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын жана кризистик борборлорго кайрылгандардын үчтөн бирин 18-34 жаш курагындагы жаш аялдар түздү.
2019-жылы 1 095 адам (18%) — аксакалдар сотуна, 36 адам (0,5%) — кайрымдуулук жана коомдук фонддоруна кайрылышкан. Ошол эле учурда, кризистик борборлорго (90%), аксакалдар сотуна (55%), ошондой эле кайрымдуулук жана коомдук фонддорго (67%) аялдар эркектерге караганда көп кайрылышат.
Кылмыш жасагандрдын арасында эркектер басымдуулук кылат. 2019-жылы алардын саны 16 миңден ашык адамды түздү же кылмыш жасагандардын жалпы санынын 83% түздү. Эң жогорку кылмыш ишин жасагандар 29 жаш жана андан жогору жаш курактагы топто, эң төмөнү — 14-17 жаштагы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында белгиленди.
Жынысы боюнча кылмыш жасаганардын динамикасында карама-каршы тенденциялар белгиленет. Кылмыш жасаган аялдардын үлүшү 2015-жылы 13,4% дан 2019-жылы 17,4% га чейин көбөйгөн, ал эми эркектердин үлүшү, тескерисинче, 86,6% дан 82,6%га чейин азайды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.