​Абдил Сегизбаев: Мага кылмыш ишинин козголушу бул саясий өч алуу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш иши жазык кодексинин «Коррупция» беренесине дал келбей турганын жана бул саясий өч алуу экенин билдирди.

«Козголгон кылмыш иши коррупция беренесине дал келбейт»

Абдил Сегизбаев 22-январда Бишкектеги басма сөз жыйынында буларды айтты:

-Мага койгон берененин таптакыр негизи жок. Токтомдун негизинде 2008-2009-жылдары мен өзүм жашаган айыл өкмөтүнөн эки гектардын тегерегиндеги жерди арендага алгам.(Анын күбөлүгү бар).

Биографиямды карап көргүлө: 2008-2009-жылдары мен эч кандай мамлекеттик кызматкер эмес болчумун. Мага айыпта “92 участок алыптыр, 18 гектар жерди басып алыптыр” деп жазып жатат.Бул – жалган. 18 гектар жер эмес, 7,5-8 гектар. Жерди Сорос фондунда иштеп жүргөндө айлыгымды чогултуп, 1-2 соткадан элден чогулткам. 1995-жылдан баштап 2002-жылга чейин. Атам отургузган алма бак болучу,атамдан эстелик болуп калсын деп ошол алма бакты 2-3 соткадан чогултуп, сатып алып, 2002-жылы мамлекеттик каттоодон өткөргөм. Ошол учурдан баштап, 7-8 жыл 8 гектардын тегерегиндеги жердин баарын каттаткам, азыр ал жерде алма бак өсүп жатат.

Эгерде мен мамлекеттен бир чарчы метр жер алсам, силердин алдыңарда отурбайт элем, президенттик шайлоого да чыкпайт элем.

Мен ойлоп жатам, биринчиден, булар жазга чейин мени камаш керек деген тапшырманы аткарып жатышат. Эмне болсо да камаш керек болуп жатат. Камап туруп, тынчытып, анан камалды деп отчетун беришет. Бул – бир.

Экинчиси эртең-бүрсүгүнү дагы бирдеме алып чыгабы деп коркуп жатышат. Мен дебатта көп нерсени айтып кетпедимби. Мен болгон нерселердин баарын айттым, бийликке келгендердин кандай ишмердүүлүгү болгонун. .

Үчүнчүдөн, бул саясий өч алуу. Күтүлбөстөн президенттик талапкерликке чыгып калды, күтүлбөстөн көп нерселер айтылып калды деген сөз болуп жатат. Мени түрмөгө камайбы-камабайбы, айырмасы жок, түрмөгө салса дагы, мен токтобойм.Өз чындыгымды, ким-ким экенин айтып кете берем, -деди Абдил Сегизбаев.

Абдил Сегизбаевге коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголдду

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин 22-январда козгоду.

-Абдил Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 га жайыт жерин мыйзамда көрсөтүлбөгөн башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзгөн. Андан кийин кылмыштуу кыймыл-аракеттерин жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон.

Ошону менен бирге Абдил Сегизбаев жакын туугандары К.Сегизбаева жана Г.Кеңешова Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен бирге башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелеринин алгачкы ээлерининин атынан ишеним каттарды жасалмалашып жана бул кылмыштуу кыймыл-аракеттерине мыйзамдуу түржаратуу максатында Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алышкан. Жогоруда белгиленген жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп алышкан.

Мындан тышкары, Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгү, ошондой эле К. Сегизбаеванын наамына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү жана электр энергиясы камсыз кылынгандыгы аныкталган.

2021-жылдын 20-январында Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган, -деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Дебатта Сегизбаев эмне деп айтты эле?

Абдил Сегизбаев 30-декабрда КТРКда Президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаев талапкер Садыр Жапаровго «дебаттан качып жүргөн талапкер» деп кайрылып, ага тогуз суроо узаткан.

-Максим Бакиев, Жаныш Бакиев менен бүгүнкү күндө эч кандай мамилем жок деп жүрөсүң. Мына, топтолгон сүрөттөр. (Сүрөттү көрсөтөт) Бул жерде Жаныш Бакиев тоюна эң жакын жүз адамды чогулткан. Ошол адамдын арасында сен жүрөсүң. Сен кылмышкерсиңби же мен кылмышкерминби?

Биринчи суроом: 400 миң долларды “Инвестбанк Ысык-Көлдөн 2001-жылы алдың беле, төктүң беле?

Экинчиси: “Инвестбанк “Ысык -Көлдү” учурунда бир тууганыңды алып барып басып алдың беле? Ошол банк аркылуу 5 млрд долларды Максим Бакиевге жууп бердиң беле?

Үчүнчү суроо: “Жыргалаң” шахтаны ит бекер алып, талкалап туруп, Кытайга өткөрүп бердиң беле?

Төртүнчү суроо: Киевский-74, мародерлордун колунан 500 миң долларга сатып алдың беле?

Бешинчи суроо: “Кумтөрдү” 30 апрель, 2009-жылы сатканга демөөрчү, колдоочу болуп жүрдүң беле?

Алтынчы: “Жетим-Тоону” 2009-жылы Максим Бакиев менен бирге өткөрүп бердиңер беле? Эмне үчүн ал жөнүндө унчуккан жоксуң?

Жетинчи: 2005 жана 2010-жылы 60 өлтүрүү болуп жатканда эмне үчүн Курманбек Бакиевдин жанында жүрүп, тымпыйып унчукпай отурдуң?

Сегизинчи: Эмне үчүн Максим Бакиев Кыргызстандан 3 млрд долларды алып чыгып кеткенде Кыргызстанда эң негизги адам, коррупция боюнча комиссар болуп, унчукпай отурдуң?

Тогузунчу: Шайлоо кампанияга миллион долларды кайдан алдың, кимден алдың?

Мына, ушул суроолорго жооп берчи? Эгерде эркек болсоң, бетме-бет сүйлөшөлү, качпагын. Болгон чындыкты бири-бирибизге айтышалы. Эгерде мен күнөөлүү болсом, мени кылмышкер дегиле, эгер сиз күнөөлүү болсоңуз, кыргыз элинин алдына чөгөлөп, кечирим сурагыла.

Силердин режимиңердин курмандыктары, Ата-Бейитте жатат. Ошол режимди кайтарууга мен жол бербейм. Биз, кыргыз эли бардыгын көргөнбүз, түшүнгөнбүз, мындайга жол жок. Аракетиңерди токтоткула, деген Сегизбаев.

Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалык кызматынан 2018-жылы 7-апрелде Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган.

Абдил Сегизбаев 2021-жылы 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкер катары катышып, атаандашы Садыр Жапаровдун дарегине курч сын-пикирлерди айтып келген.

«ПолитКлиника» медиасы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты