​Абдил Сегизбаевге Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

  • 3 года мурун

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө мындай деп жазылган:

-Абдил Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 га жайыт жерин мыйзамда көрсөтүлбөгөн башка категорияга которуу жолу менен 49

жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзгөн. Андан кийин кылмыштуу кыймыл-аракеттерин жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон.

Ошону менен бирге Абдил Сегизбаев жакын туугандары К.Сегизбаева жана Г.Кеңешова Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен бирге башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелеринин алгачкы ээлерининин атынан ишеним каттарды жасалмалашып жана бул кылмыштуу кыймыл-аракеттерине мыйзамдуу түржаратуу максатында Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алышкан. Жогоруда белгиленген жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп алышкан.

Мындан тышкары, Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгү, ошондой эле К. Сегизбаеванын наамына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү жана электр энергиясы камсыз кылынгандыгы аныкталган.

2021-жылдын 20-январында Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган, -деп айтылат билдирүүдө.

Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалык кызматынан 2018-жылы 7-апрелде Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган.

Абдил Сегизбаев 2021-жылы 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкер катары катышып, атаандашы Садыр Жапаровдун дарегине курч сын-пикирлерди айтып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты