Кыргыз өкмөтү отставкага кетти
- 4 года мурун
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов премьер-министр Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктарын токтотуу жана өкмөттү отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров БШКнын 20-январдагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды.
Ошондой эле Кыргыз өкмөтү отставкага кетти деп эсептелди. Премьер-министрдин милдетин аткаруу Артем Новиковго жүктөлдү.
Муну бөлүшүү