Юрист Нурбек Токтакунов Президентке кеңеш айтты (Видео)

Адвокат жана жарандык активист Нурбек Токтакунов Президенттикке ат салышып, алдын ала жыйынтыктар боюнча, көпчүлүк добушка ээ болгон Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, өзүн өзү кеңешчи дайындаганын, ар бир жаран кеңеш берүүгө укуктуу экенин билдирип, бир катар кеңештерди сунуштады.

Карапайым калктай эле, ал да жаңы мамлекет башчысына ишенгиси келээрин айтты.

Токтакунов биринчи кезекте, жаңы мамлекет башчы болуп келсе, жарандык коом менен жолугушууну сунуштады. Жарандык коом дегенде, жалаң гана бейөкмөт уюмдар эмес, өнүгүү жолум билем дегендер менен жолугушу керек экенин билдирди. Кошоматчылар менен эмес, сындагандар менен жолугушуп, өнүгүүнүн жолун суроо керектигин айтты.

Аткарылбаган көп убадаларды берип койдуңуз, эми аны аткарыш керек экенин эскертти:

-Ар бир убадаңыз боюнча жогорку деңгээлдеги адистерди, саясий реформа, социалдык сфера, сот реформасы, экономика, энергетика боюнча адистерди чогултуп берем.

Өз кезегинде мен Сооронбай Жээнбековго да ушуну айткам. Ал “кайгырба өзүмдүн кеңешчилерим бар» деген. Мына, эмне болду? Мен да сизге ошонжой тагдырды каалабайм, -деди Нурбек Токтакунов.

10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өттү. Анда алдын ала жыйынтыктар боюнча Садыр Жапаров алдыга озуп чыккан.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты