Адвокат: Алексей Навальный Химки шаарындагы полиция бөлүмүндө

  • 3 года мурун

Жекшемби күнү кечинде Шереметьево аэропортунда кармалган орусиялык оппозиционер Алексей Навальный Москва облусуна караштуу Химки шаарындагы полиция бөлүмүндө. Бул тууралуу БиБиСиге анын адвокаты Ольга Михайлова кабарлады.

Бөлүмдүн кызматкерлери бул маалыматты оозеки түрдө тастыкташкан, бирок жактоочуну да, Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Вячеслав Гимадини да “түн кирип кетти” деген шылтоо менен Навальныйга жолуктурушкан эмес.

Германиядан учуп келген Навальный күн мурун Шереметьево аэропортунда паспорттук көзөмөлдөн өтүп жаткан маалда кармалган. Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы сот анын бөгөт чарасын аныктаганга чейин камакта болорун билдирген.

Апта башында Жаза аткаруу боюнча федералдык кызмат Навальныйды ”Ив Роше” компаниясынын ишине байланыштуу сот жыйынына чейин эле кармай турганын билдирген. Анын алдында мекеме саясатчыга федералдык издөө жарыялаган. Оппозиционер Орусияга келгенде кармала турганын билген, бирок мекенине кайтуу боюнча планынан баш тарткан эмес.

Навальный былтыр августта Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарындагы ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй ошол жактан Берлиндеги клиникага которулган. Бир нече лаборатория ал Орусияда жасалган “Новичок” химиялык курал тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныктаган.

Орус бийлиги саясатчыга кол салуу фактысын тергеп-иликтөөдөн баш тарткан. Эл аралык иликтөөчү журналисттердин тобу ал ишке орус атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган. Кремль дооматтарды негизсиз деп билдирген.

Оппозиционерге мекенинде бир нече кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты