​ДССУ: Коронавируска каршы жамааттык иммунитет жакында пайда болбошу мүмкүн

  • 3 года мурун

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму быйыл коронавируска каршы жамааттык иммунитет пайда болбошу мүмкүн экенин эскертти.

«Вакциналар алсыз топторду бир аз коргой баштаган күндө да биз 2021-жылы иммунитеттин популяциялык деңгээлине жете албайбыз. Жамааттык иммунитеттин бир катар өлкөлөрдө пайда болушу — бүткүл дүйнө калкын коргой албайт» деди уюмдун башкы илимий кызматкери Сумия Сваминатан.

АКШ менен Европа Биримдигинин (ЕБ) курамындагы өлкөлөр калкты «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө ишин 2020-жылдын аягында баштаган. Орусия өзү чыгарган «Спутник V» вакцинасын, Кытай да өз вакцинасын колдоно баштаган.

ДССУнун эмдөө тармагынын башчысы 7-январдагы билдирүүсүндө COVAX программасынын алкагында начар өнүгүп жаткан жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналардын алгачкы түрлөрү ушул айдын ичинде эле жеткирилерин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты