Жалал-Абад облусунда 4,5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды
- 4 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 11-январда саат 01:38де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Орказган айылында 4 балл, Тосой, Ак-Терек, Саламалик айылдарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү