​Абдыжапар Бекматов: Бардык этаптарда биз добуш берүүгө даярбыз

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бүгүн, 10-январда Бишкекте өткөн брифингде добуш берүү учурунда колдонула турган санитардык-эпидемиологиялык чаралар жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, БШК Саламаттыкты сактоо министрлиги баш болгон мамлекеттик органдар менен бирдикте добуш берүү жүргүзүлө турган алгоритмди иштеп чыккан.

«Бардык этаптарда биз добуш берүүгө даярбыз. Шайлоо процессине катышкан комиссиялар жана башка органдар тарабынан механизмдер иштеп жатат», — деди Бекматов.

Ошондой эле программага ылайык, БШК шайлоого жана социалдык-эпидемиологиялык чараларга байланыштуу атайын социалдык роликтерди чыгарды.

«Бул видеолор жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланды. Схема боюнча, жайларда дезинфекциялоо иштери дагы жүргүзүлөт», — деди Бекматов.

БШКнын төрайымынын орун басары шайлоо процесси жөнүндө айтып жатып, добуш берүү учурунда сактык чаралары кандай сакталаары жөнүндө айтып берди.

«Шайлоо участогуна кире бериште беткаптар чыгарылып, колдор антисептик менен тазаланат. Андан кийин идентификация жүргүзүлөт, керек болсо комиссиянын кызматкерлери масканы түшүрүүнү суранышы мүмкүн. Андан кийин 2 чек берилет: бир бюллетень референдумга добуш берүү үчүн, экинчиси президенттик шайлоого. Добуш берүүчү стенд ар жолу дезинфекцияланып турат. Добуш бергенден кийин, шайлоочу ар бир бюллетенди өзүнүн автоматташтырылган урнасына ыргытат — референдумга жана шайлоого байланыштуу», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты