БШК Садыр Жапаровго эскертүү берген жок

  • 4 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы жумушчу топтун Президенттикке талапкер Садыр Жапаровго Караколдун тургундары менен жолугушуусундагы театрлаштырылган шоу боюнча эскертүү берүү тууралуу сунушту 5-январда карады, бирок эскертүү берген жок.

Жыйында сунушту Боршайкомдун беш мүчөсү колдоп, калганы каршы болгондуктан, ал өткөн жок.

Жапаровдун өкүлү Александр Мощин театрлаштырылган шоуну штаб эмес, жергиликтүү тургундар уюштурганын билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова театрлаштырылган көрсөтүү мыйзамда тыюу салынганы тууралуу уюштуруучулар жарандарга эскертип коюшу керектигин айтты.

Садыр Жапаровдун Караколдо эл менен жолугушуусунда аны жети акенин образындагы кишилер бата берип, шоу менен тосуп алышкан. Үгүт мыйзамдарына ылайык, талапкердин жолугушууларында театрлаштырылган шоуга тыюу салынат.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты