Талант Мамытов пандемия маалындагы окуялар үчүн мамлекеттин атынан кыргыз элинен кечирим сурады

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кыргызстандыктарды Жаңы 2021-жыл менен куттуктоо сөзүндө пандемия маалындагы кетирилген кемчиликтер үчүн мамлекеттин атынан кыргыз элинен кечирим сурады.

— Өлкө Президентинин милдетин аткаруучу катары пандемия маалындагы окуялар үчүн жалпы мамлекеттин атынан кечирим сурайм. Пандемияга байланыштуу мындай окуяларга бир дагы мамлекет, анын ичинде биз дагы, даяр боло алган жокпуз.

Тилекке каршы, пандемияда көп мекендештерибизди, белгилүү инсандарыбызды да сактап кала албадык. Коронавирус илдетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Алардын жаркын элестери жүрөгүбүздө дайыма сакталат.

Башынан нечендеген кыйынчылыктарды өткөргөн, көп кылымдарды карыткан тарыхы бар, биздин акылман жана күчтүү элибиз өнүккөн өлкөдө жашоого татыктуу.

Бул үчүн биз бардык аракетибизди жумшайбыз. Келиңиздер, Мекенибиз жөнүндө, балдарыбыздын жана Кыргызстаныбыздын келечеги жөнүндө ойлонолу! Биригүүгө жана жалпы максатты көздөй бирге кадам шилтөөгө мезгил келип жетти!Ылайым, 2021-жыл — жаңылануунун жана жагымдуу өзгөрүүлөрдүн жылы болсун!-деди Талант Мамытов.

2020-жылдагы пандемия маалында Кыргызстандын көптөгөн жарандары тиешелүү жардамды өз убагында ала албай, дары-дармектин, оорукана орундарынын тартыштыгынан көз жумуп кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты