​2021-ЖЫЛ: ЖЕМИШТҮҮ БОЛСУН!

Бүгүн — 1-январь, 2021-жыл. Жаңырган жылдын алгачкы күнү өз өкүмүн жүргүзө баштады. Жаңы жылда ар ким, ар бир үй-бүлө, ар бир жамаат, мамлекет жаңы тилек, үмүт менен алдыга арышын таштады.

Өткөн жылы өлкөбүздүн активдүү калкы парламенттик шайлоонун адилетсиздигине каршы турду. Анын натыйжасында бийлик алмашты, бийлик бутактарына шайлоолор алдыда турат. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо, башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум, кайталап өткөрүлүүчү парламенттик шайлоо—2021-жылдын саясий албан иштери алдыда турат.

2020-жылы жалпы адамзат коронавирус пандемиясынын оор кесепетин баштан кечирди, элибиздин албан-субандай эр азаматтары, аяр жандарыбыз апааттын айынан бул дүйнө менен кош айтышты,. Дагы далайынын ден соолугуна залакасы тийип, дагы бир тобу азыр да ал дарт менен күрөшүп келет.

Пандемия кесепети бүткүл жашоо-турмушубузга, социалдык-экономикалык абалыбызга терс таасирин тийгизгени ар бирибиздин жүрөгүбүздү кайыштырат.

Жаңырган жылы ар бирибиз жакшылыктан үмүт кылып, өлкөбүздө чачылганыбыз жыйналар, тонолгонубуз топтолор, үзүлгүнүбүз уланар деп тилек айтып, жаңы жылдын жаңы күнүндө арабаны андан ары түртүп, жашообузду улантып жатабыз.

2021-жыл биз үчүн жакшылыктын, үмүт-тилектин, алга умтулуунун, кыйынчылыктын сазынан чыгуунун жылы болсун!

Жаңы жылыңыздар менен, окурмандар!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты