​Эмилбек Каптагаев: 2020-жыл жүрөктү тарам кылып тилип кетти…

2020-жыл кыргыз коомчулугу үчүн өзгөчө оор жыл болду. Дүйнөлүк пандемия далай адамдардын өмүрүн алды, ден соолугуна залакасын тийгизди. Коомдук ишмер Эмил Каптагаевдин өтүп бараткан жылдын жрөктү сыздатып кеткен жагдайы тууралуу блог, ой-толгоосун сунуш кылабыз.

Өтүп жаткан 2020-жыл өтө оор жыл болду, кабырганы кайыштырып, жүрөктү тарам-тарам кылып тилип кетти… Орду толгус жоготууларга тушуктук… көрүшүп-билишип, саламыбыз түз болуп, дасторкон үстүндө насиптеш болуп жүргөндөрдөн, куда-сөөк, жакын туугандардан эле кыркка жакын киши набыт болуп кетти…

Жыл башында ХХ кылымдын залкар манасчылар плеядасынын акыркысы Касмамбетов Сапарбек авабызды ээсине бердик… Анан энергетика тармагына эмгеги сиңген инсан, легендарлуу парламенттин депутаты Мукамбетов Картайбек аваны узаттык… Экс-депутаттар Жангороз Каниметов, Жыпар Жекшеев, экс-спикер Мукар Чолпонбаев, белгилүү мамлекеттик ишмерлер Оган Карабалаев, Сапарбек Тынаев агаларыбыз катары менен кете беришти… бир боорлорум профессор Бейшенбек Укуев, салык кызматкери Турат Имеров менен журналист-ишкер Бейшенбек Бекешовдон айрылдык… журналистика ааламында жылдыздай жанган Бүбүкан Досалиева… “ оорудум деп жатып алсам бул жердеги оорулулар эмне болот…” – деп чымырканып ооруканадан чыкпай жүрүп врач бир боорум Сарбагыш Иманалиев көз жумду… мен кадырлаган жезделерим, транспорт тармагына эмгеги сиңген ишмер Мурат Курманалиев менен кыргыз тили үчүн эбегейсиз эмгек кылган Жумагулов Ташпоодон айрылдык. Ошондой эле бир тууган эжемдин жолдошу Усубалиев Мырзабек жездемди алып кете берди шум ажал, жүрөгүндө жалы бар баатырлар Болот Шер менен Тезекбаев Кушбак экөө кетти, үзөнгүлөш жолдош болуп жүргөн Сатыбалдиев Анарбек да жок бүгүн… мамилелеш болуп жүргөн Иманалиев Бейшенбек көз жумду…

Жакында эле Кыргыз эл мугалими, гимндин автору Кулуев Шабданбек агайды узаттык… эски муундагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Мейраждин Зулпуев, Арзымат Сулайманкулов, Жамал Ташибекова, Стамакун Асаналиев, азыркы замандын чыгааны Чыныбай Турсунбеков, маданият тармагынан Бакыт Карагулов, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов… Ал эми мурдагы муфтий, бул замандын чыгаан аалымы Чубак ажы Жалиловдүн каза болушу биздин кыргыз эли үчүн эле эмес, жалпы ислам дүйнөсү үчүн дагы өтө чоң жоготуу болду… жаңы гана баралына келип, эми толкуп-ташый турган учурунда кете берди…

Арга жок, айла да жок… Куран окуп, бата кылып, Жараткандан пенделеринин билип-билбей кылган күнөөлөрү болсо жеңилинен кылып, жандарын бейиште кылуусун тилейли…

Жаңы жыл жакшылыктын жылы болсун, кемигенди толтурган, үзүлгөнду улаган жыл болсун, бүтүндөй адамзатын думуктуруп турган дарт жоголуп, жаркын маанай, жакшы жашоо калыбына келе турган жыл болсун деген тилек кылалы.

Эмилбек Каптагаев

31-декабрь, 2020.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты