2021: Уй жылын кантип тосуп алуу керек?
- 3 года мурун
Босогого келип калган, 2021-жылды кандай тосуп алуу керек экенин астролог Лилия Любимова “Спутник” радиосуна айтып бергени боюнча, жаңы жылды тоскон күнү уй этинен тамак-аш жасабай туруу керек. Анын ордуна балык, куш этинен тамак-аш даярдаган дурус .
Уй жаныбары тамак-ашты жакшы көрөт, демек, үйүңүздө адаттагдыай эле жаңы жыл күнү да жайыл дасторкон болсун . Жашылча-жемиштин, салаттын түрү, капуста, картошкадан жасалган пирожки, торт да дасторконду толтурсун.
Бул жыл күмүш түстүү уй жылы, демек кийимиңиз да күмүш түстө болгону жакшы.
Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!
Муну бөлүшүү