Быйыл үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8337 факты катталган

  • 3 года мурун

Быйылкы жылдын 11 айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8337 факты катталды. Статистикага таянсак, быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу зомбулук фактылары көбөйгөн.

Бул тууралуу 29-декабрда өкмөттөгү басма сөз жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улан Маматканов билдирди.

Анын маалыматына караганда, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу катталган фактылардын 71и сотко өткөн. Зомбулуктан жалпысынан 49 адам жабырлануучу деп табылган. Анын 11и балдар.

Расмий эсеп боюнча, 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 7428 факты реестрге катталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты