​Оштогу “Жапалак” унаа базарына жаңы жетекчи дайындалды

  • 3 года мурун

Мунарбек Турганбаев муниципалдык «Жапалак» автоунаа базарынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Турганбаевди кызматка дайындоо боюнча Ош шаарынын мэри Талайбек Сарыбашовдун буйругу 28-декабрда чыккан.

Аталган унаа базарды буга чейин Бекдөөлөт Абакиров жетектеп келген. Ал Ош шаардык спорт комитетин убактылуу жетектеп жатканына байланыштуу кызматын тапшырган.

55 жаштагы Мунарбек Турганбаев Ош шаарынын Жапалак айылында туулган. Новосибирск мамлекеттик агрономиялык университетин жана ОшМУну бүтүргөн. Кесиби боюнча юрист. Буга чейин «АКОС» коомдук бирикмесинин Ош шаарындагы координатору болуп эмгектенген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты