Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жол картага кол коюшту

  • 3 года мурун

Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жол картасына кол коюшту.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, премьер-министрдин милдетин аткаруучу. биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков менен Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Сардор Умурзаков онлайн конференция өткөрүп, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, өз-ара соода көлөмүн кеңейтүү, ошондой эле өнөр жай жана айыл-чарба тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, чек аралаш аймактарга соода-логистикалык борборлорду жана эркин экономикалык аймактарды ачуу маселелерин талкуулашты.

«Эки өлкөнүн экономика министрлиги, айыл-чарба министрлиги жана транспорт министрлиги жана бажы органдары ортодогу товар экспорттоодо, товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүдө, айыл-чарба, өнөр-жай жана транспорттук-транзиттик тармактардагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду кеңейтүүдө келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү үчүн туруктуу жумушчу топторду түзүү туралуу макулдашууга жетишти. Мындан тышкары Кыргызстандын аймагында жеке секторду тартуу менен биргелешкен кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүүнүн механизмдери жана техникалык деталдары талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жол картасына кол коюлду» деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө.

Декабрдын башында Ферганада Новиков менен Умурзаков жолуккандан кийин каржылык кызматташуу тууралуу келишимдин алкагында 50 миллион долларлык капиталы менен кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү чечими кабыл алынган.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты