​Бозгунбаев профсоюздар федерациясынын төрагалыгына шайланды

  • 3 года мурун

Сагын Бозгунбаев профсоюздар федерациясынын төрагасы, орун басарллары болуп Калыкбек Рыспаев жана Рысгүл Бабаева шайланды.

Бул тууралуу федерациянын билдирүүсүндө кабарланды.

Бүгүн, 25-декабрда, профсоюздар федерациясынын XXIV съезди болду. Ага тармактык профсоюз уюмдары, облустук кеңештен делегаттар катышты.

Ушул жылдын 5-февралында федерация төрагасы Мирбек Асанакунов кызматынан бошотулган. Бишкек административдик соту 26-июндагы чечими менен Асанакуновго кызмат кеңсесинде отурууга, документтерге кол коюуга тыюу салган.

Профсоюз федерациясынын төрагасынын милдетин аткаруу Рысгүл Бабаевага жүктөлгөн, бирок ал ноябрь айында кызматынан Асанакуновдун көрсөтмөсү менен бошотулган.Федерация төрагасынын орун басары Жээнбек Осмоналиев финансылык документтерге кол койбой, жетекчилик жок болуп кыйынчылык жаралып келген.

Сүрөт: Съезд учуру.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты