​Убактылуу кармоо жайында COVID-19га шектелген кишилер ооруканага которулууда

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында кармалгандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча буйрук чыгарды.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө буга чейин Токон Мамытов саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү өтүнүч менен кайрылганы айтылат. Министрлик жооп иретинде пневмония жана COVID-19га шектелген оорулуулар убактылуу кармоо жайынан Наркология борборуна, инфекциялык ооруканага жана Улуттук госпиталга которулары боюнча буйрук иштелип чыкканын маалымдаган.

26-ноябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу тергөө изоляторун кыдырып чыгышкан. Уюмдун маалыматына караганда, 63 кишиге ылайыкташтырылган жерде 100 киши отурган. Ошол эле маалда алардын 32синен пневмония аныкталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты