Азия өнүктүрүү банкы Бишкекке абанын сапатын текшерген 50 шайман берди

  • 3 года мурун

Азия өнүктүрүү банкы «АлматыБишкек экономикалык коридору» демилгесинин алкагында Бишкек шаарына абанын сапатын көзөмөлдөөчү заманбап үлгүдөгү 50 шайманды берди.

Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы маалымдады. 17-декабрда шаймандарды банктын Кыргызстандагы өкүлү Кэндис Мак Дейган Гидрометеорология агенттигине тапшырды.

«Clarity Node-S» үлгүсүндөгү мониторлор элдин саламаттыгын, жашоо сапатын жакшыртуу үчүн атмосферадагы PM1, PM2,5, PM10 жана азот диоксидин өлчөп, Бишкектеги абанын булганышынын себептерин аныктамакчы.

Буга чейин Британиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гаррет Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугуп, 2021-жылдын ноябрь айында Глазго шаарында өтө турган климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу саммитти талкуулаган. Британ элчилиги социалдык медиадагы баракчаларына климаттын өзгөрүшүнөн жапа чеккен өлкөлөрдүн сап башында Кыргызстан турарын жазган эле.

Бишкекте 18-декабрда абанын булганышынын «World Air Quality» индекси боюнча абадагы уулуу заттардын өлчөмү 196 деп белгиленип, дүйнөдө биринчи орунда турат. Бишкектен кийин Дели, Сараево шаарлары тизмеге кирген.

Сүрөт: ru.mes.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты