Эколог Каныкей Кадырова: Адамдын билимсиздиги, экономикалык абал абанын булганышына таасир этүүдө (ВИДЕО)

«ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүндө Бишкектеги абанын булганышы жана аны тазартуу сунуштары боюнча сөз кылабыз. Бизде мейманда — эколог, Move green экологиялык жаштар кыймылынын инженери Каныкей Кадырова.

— Жылытуу маалында абанын булганычтыгы боюнча Бишкекте көрсөткүчтөр абдан жогору болуп жатат. Кыргызстандын эле башка шаарларын карасак, азыр биздин датчиктерибиз Караколдо да бар, аймактарда да абанын булганышы боюнча сандар жогору болууда.

Бишкекте “Мувгрин” уюмунун үч датчиги бар, дагы төртүнчүсү коюлган жатат. Бишкекте абасы булганыч болгон райондор бул жаңы конуштар, Ак-Өргө, Ак -Ордо жаңы конуштары. Бишкектин башка райондорунда көрөткүчтөр орточо болууда.

РМ-2-2,5 деген бөлүкчөлөр абадагы санын көрсөтөт. Бул көрсөткүч 150 дөн жогору болуп кетсе, адамдын ден соолугуна зыян. Бирок Кыргызстанда бул жагынан антирекорд көрсөтүп жатат. Кээ бир күндөрү бул көрсөткүч 1000 ден ашып жатат, -деди эколог Кадырова.

— Адамдын билимсиздиги, экинчиден, өлкөнүн экономикалык абалы абанын булганышына таасир этүүдө.

Ошондой эле эколог Кадырова Бишкекте абаны тазартуу боюнча мындай сунуштарды келтирди:

-ТЭЦти газга өткөрүүдөн башка да, жеке секторго мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралса болот, айыл чарбага берилип жаткан жеңилдетилген кредиттер сыяктуу. Ушундай эле газ менен иштетүүчү бойлерлерди деле карап чыкса, көмүр менен жылытуунун ордуна. Эски унааларды киргизүүгө тыюу салынышы керек. Жогорку сапаттагы бензинди алып кирүү чаралары көрүлүшү зарыл.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты