​Бишкекте ышка каршы акция өттү

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигини алдында Бишкек шаарындагы ышка каршы акция өттү. Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, акцияны уюштурууга Экономика министрлигин күйүүчү заттарга карата төмөн көзөмөлү себеп болгон.

Акция катышуучуларынын бири өлкөгө төмөнкү сапаттагы күйүүчү каражаттардын кирип аткандыгына нааразы:

“Экономика министрлиги ЕАЭБден, экономикалык абалга байланыштуу, сапаты начар бензинди өлкөгө киргизе берели деп суранган. Ал суранычын ЕАЭБдин сайтынан башка жерге жарыяланган эмес. Ал коомдук талкуудан өткөндөн кийин булар өлкөгө сапаты төмөн К-2, К-3 бензинин алып келе башташат. Бирок ЕАЭБдин аймагында К-4, К-5 маркасындагы бензин колдонулат. Биз буга каршыбыз, анткени сапаты төмөн бензин шаардагы ышка себепкер болуп жатат”, — деди акциянын катышуучусу.

Акцияны өткөрүп жаткандарга Экономика министрлигинин Техникалык регламент башкармалыгынын башчысы Бакыт Шабданов чыгып, жооп берди. Анын айтымында, бул өтүнүч Кыргызстандын ичиндеги нефть иштетүүчү заводдорго модернизация жасоого убакыт берүү максатында жасалган.

“Азыр ЕАЭБдин аймагында, анын ичинде Кыргызстанда, ЕАЭБ күйүүчү каражаттар боюнча техникалык регламенти иштеп жатат. Ал регламент 2019-жылдын 12-августунда кабыл алынган. Ага бүт транспорттук күйүүчү заттар кирет. Бизге да К-4, К-5 маркасындагы бензин импорттолот. Биз суранган нерсе бизде нефть иштетүүчү жети заводду ЕАЭБ стандартындагы май чыгарууга ылайыкташтырыш үчүн эки жыл убакыт болду. Анткени заводду модернизациялоо үчүн убакыт талап кылынат”, — деди Бакыт Шабданов.

Ошондой эле, Бакыт Шабданов ошол эле Орусиядагы нефть иштетүүчү заводдорду модернизациялоо үчүн беш жыл сарпталгандыгын белгиледи.

Эске сала кетсек, IQAir сайтынын маалыматына ылайык, Бишкек шаары азыркы учурда абасынын сапаты жана атмосферасыны булганышы боюнча дүйнөдөгү тизмесинин башында турат. Бул көрсөткүчкө ылайык, Бишкек шаарындагы аба ден соолукка жогорку коркунуч туудурат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты