Айсулуу Тыныбекова дүйнө кубогунун чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Сербияда өтүп жаткан дүйнө кубогунун чемпиону болду.

Мелдештин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайты түз көрсөтүүдө.

Финалдык оюнда кыргызстандык балбан кыз латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утуп алды.

Сербияда өтүп жаткан дүйнө кубогунда Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө кубогунун алтын медалын жеңип алган.

Руслан Царев коло медалга ээ болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты