Депутат Акаев: Кара түтүндөн арыла албай жатканда дагы бир зыяндуу мыйзам долбоорун тымызын өткөргөнү жатышат

  • 3 года мурун

Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерге таң кала турган маалымат менен бөлүшөйүн, абанын булганышы менен күрөшүмүш болгон…

Опубликовано Janar Akaev Воскресенье, 13 декабря 2020 г.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бишкек дүйнөдө абасы булганыч шаар катарына кирип жатканда өкмөт дагы бир элдин ден соолугуна зыян алып келе турган мыйзам долбоорун демилгелеп жаткандыгын айтып чыкты.

-Бишкек дүйнө жүзү боюнча кара түтүн каптаган, абасы булганган шаарлардын сап башына чыгып жатат. Эми ошол кара түтүндөн арыла албай, оору күчөп жаткан жаткан чакта, элдин саламаттыгына каршы дагы бир зыяндуу долбоорду тымызын өткөргөнү жатышат.

Мага белгилүү болгондой, КР Экономика министрлиги Бажы биримдигинин бензин менен дизелдик отундун сапатын көзөмөлдөгөн техникалык регламентинин өлкө аймагында күчүнө кирүү мөөнөтүн узартууну демилгеледи. Министрлик Кыргызстаныбыз сапаты өтө начар бензинди колдонууну улантып, »таштанды талаасы» бойдон калышын жактап жатат.

Эң кызыгы, бул долбоорду талкуулоо 2021-жылдын 24-январында аяктайт. Ошол эле учурда документти Экономика министрлигинин сайтынан табуу кыйын. Менимче бул кокустук эмес, атайын пландаштырылган эле иш. Жалпы элдин эмес, бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн документти арыдан бери өткөрүп жиберүү аракети.

Жарандардын кызыкчылыгын эң жогору коюшу керек болгон мамлекеттик органдын бул аракети чыккынчылыкка тете! Долбоор кабыл алынса, төмөнкү сапаттагы К3 бензинин жана дизелдик отунду колдонууну уланта беребиз. Аларда абаны булгаган зыяндуу заттар абдан көп. Эгер өкмөт начар сапаттагы күйүүчү отунду сырттан ташып келүүгө жана өлкөнүн ичинде өндүрүүгө тыюу салса, абанын булганышы бир топ азаймак.

Дүйнө жүзү боюнча К4 жана К5 сапаттагы бензин (Евро 4 жана Евро 5тин аналогу) колдонууга ылайыктуу деп эсептелет. Бирок мыйзам долбоору өтүп кетсе, андай сапаттуу бензин бизде 2023-жылдан гана сатыла баштайт. Анда да техрегламентти киргизүүнү дагы жылдырып салышпаса эле. Ага чейин кара түтүнтөн арылбай, тумчуга беребиз, анткени биз сапатсыз бензинге тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбооруна өкмөт эмгиче корутундусун бере элек,- деди Жанар Акаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты