Финпол экс-жетекчиси Бакир Таиров мыйзамсыз акча алууга шектелүүдө

  • 3 года мурун

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (финполициясы) мурдагы төрагасы Бакир Таиров мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, мекеменин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Таиров иштеп жаткан учурда мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ири суммада акча каражатын алганын аныктаган.

Маалыматта Таиров ири сумманы берүүгө мекеме жетекчисин 2020-жылдын октябрь айында өткөн Жогорку Кеңештин шайлоосунун алдында партиялардын бирин каржылоо деген шылтоо менен мажбурлаганы белгиленген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бакир Таировдун башка ишкерчилик чарбаларынан да ушундай жол менен акча алган учурлары боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө чаралары жүрүп жатат.

Бакир Таиров Финансы полициясында 2018-жылдын 29-апрелинен 2020-жылдын октябрдын ортосуна чейин иштеген. Өлкөдө бийлик алмашуудан кийин нааразылык акцияларынын катышуучусу Сыймык Жапыкеев 17-октябрда жаңы премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен мекемени жетектеп калган.

Сыймык Жапыкеев мурда прокуратурада иштеген. Кийинчерээк «Чоң казат» уюмунун лидерлеринин бири катары таанылып, ушул аталыштагы партия менен 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо ат салышкан. Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап жүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты