Парламент референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды
- 4 года мурун
Парламент “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Акылбек Жапаров.
Добуш берүүдө 63 депутат каттоодон өткөн.
Төрт депутат каршы добуш берди: Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Евгения Строкова жана Дастан Бекешев.
Бул документ боюнча өлкөнү башкаруу формасы,, президенттикпи же парламенттикпи, аныкталат.
Сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү