​БШК президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол тамга барактарын жараксыз деп тапты

  • 3 года мурун

Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-декабрындагы жыйынында президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактарын жараксыз деп таануу чечимин кабыл алды. Анын себеби кол тамга баракчалары Чороевдин шайлоо фонду ачылганга чейин башталган деп табылды.

Конституциялык мыйзамдын 52-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, «Кол чогултуу талапкердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Кол коюу барактарын даярдоо жана кол чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу кол коюу барактарын даярдоо акысы төлөнгөн күндөн тартып башталат».

БШКнын алдындагы кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун маалыматына ылайык, талапкер Чороевдин шайлоо фонду 2020-жылдын 11-ноябрында ачылган. Кол коюу барактарын даярдоо үчүн акы тѳлѳѳ Чороевдин шайлоо фондусунун каражатынан 2020-жылдын 3-декабрында жүргүзүлгѳн.

Конституциялык Мыйзамдын 52-беренесинин 9-бѳлүгүндѳ «Эгерде ушул беренеде каралган талаптар сакталбаса, кол коюу барактары жараксыз деп эсептеле» тургандыгы белгиленген.

БШК Кубан Чороевдин кол коюу барактарын жараксыз деп таануу боюнча чечим кабыл алды.

Кубан Чороев кол коюу барактары 3-декабрда түшүп, 39053 добуш жыйнаган. .

Президенттикке талапкерлердин шайлоочулардан жыйнаган кол тамгасы, күрөө акчасы бул шилтемеде.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты