​Артем Новиков Баткен жана Ош облустарын кыдырат

  • 3 года мурун

Премьер-министрlин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 2020-жылдын 7-9-декабрында Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат.

Артем Новиков өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулуш ишинин жүрүшүн көрөт.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу ошондой эле жумушчу сапардын алкагында ушул жылдын 8-декабрында Өзбекстан lын Фергана шаарында өтө турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин жыйынына катышат.

Иш сапардын соңунда ал «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышат.

5-октябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Нарын облусунда жумушчу сапар менен болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты