​Өзбекстан Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын сыноону пландоодо

  • 3 года мурун

Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлиги COVID-19га каршы орусиялык Sputnik V вакцинасын 2020-жылды аягында, 2021-жылдын башында сыноону пландоодо.

Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн саламаттык сактоо министри Абдухаким Хажибаевге шилтеме жасоо менен билдирди.

Сентябрда Орусиянын түз инфестициялар фонду өзбекстандык Laxisam фармацевтикалык компаниясы менен 2020-2021-жылдары Өзбекстанга 35 миллион доллар дозадагы вакцина жеткирүү боюнча макулдашканын кабарлаган.

«Оң жооп болсо, быйыл жылдын соңунда же келерки жылдын башында бул вакцинанын клиникалык сыноолоруна киришүүнү пландап жатабыз», — деген Хажибаев.

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Өзбекстан Орусиянын түз инфестициялар фондунан 500 доза вакцина сураганын кошумчалады. Буга чейин министрликтин басма сөз катчысы 5 000 вакцина сурашканын маалымдаган.

Бул арада Абдухаким Хажибаев тестирлөө үчүн Кытайдан Өзбекстанга 6000 доза вакцина жеткирилгенин да кошумчалаган.

Буга чейин Өзбекстан коронавируска каршы кытай вакцинасын сыноонун үчүнчү айлампасына даяр экени, сыноо 5000 ыктыярчынын арасында жүргүзүлөрү кабарланган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты