​Өзбекстан Сириядагы лагердеги жарандарын алып келет

  • 3 года мурун

Өзбекстан Сириядагы «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун мурдагы жоочулары жана алардын жакындары кармалып турган лагердеги жарандарынын дагы бир тобун алып келет.

Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги өзбек өкмөтүндөгү өз ысымын айткысы келбеген кызматкерине шилтеме кылып билдирди.

Өкмөт өкүлүнүн айтымында, Өзбекстандын расмий өкүлчүлүгү Сириядагы күрттөр көзөмөлдөп турган чөлкөмгө барып, андагы 100гө жакын өзбекстандык менен жолуккан. Алардын көбү аялдар менен балдар болгон. Өзбекстандык бозгундар ичээр суу, дары-дармек тартыш болгон өзгөчө катаал шарттарда жашап жатышканын айтышкан.

БУУнун болжолдуу баасына караганда, Сириядагы Аль-Хол лагеринде 65 миңдей киши кармалууда. Алардын арасында 28 миң сириялык, 20 миң ирактык жана башка өлкөлөрдөн барган 10 миңдей киши бар.

Былтыр Өзбекстан Сириядан 220 аялды жана балдарды мекенине алып келген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Сүрөт: APF

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты