Жарандык көзөмөл: Конституциялык палата Конституцияга кол салуулардын мизин кайтарууга тийиш

Жарандык көзөмөл комитетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларына ачык кайрылуусу жарыя болду.

Анда мындай деп айтылат:

-Ушул учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында, 2020-жылдын 20-октябрында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары кабыл алган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын таануу тууралуу «Реформа» саясий партиясынын кайрылуусу каралып жатат.

Бул мыйзамды кабыл алуу менен, укукка ылайык келбеген жана укук чегинен чыгып кеткен абалда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамынын 38- жана 63-беренелеринин колдонуусу токтотулган. Ушунун өзү, Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген депутаттарды кайра шайлоону тек гана жокко чыгарбастан, анын так мезгилин көрсөтпөй, кара ниеттик менен алдын ала ойлонулгандай эле, өлкөдөгү демократиялык тартипти алмаштырып салуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү да, жагымдуу шарттарды да түзүп берүүдө.

Көз каранды эмес юридикалык коомчулук мурда эле билдиргендей, аталган мыйзам өлкөнүн бүтүндой укуктук чөйрөсү таянып турган конституциялык-укуктук пайдубалын жөн эле одоно түрдө бузбастан, парламенттин өзүнүн да мыйзамдуулугун жокко чыгарып, ал кабыл алып жаткан чечимдерге карата жарандардын тоотпос мамилесин туудурат. Ал эле эмес, бул жагдай ансыз да жалпы эле мамлекет бийлигинин ашмалтайы чыгып бүткөн аброюн андан бетер түшүрөт. Жогоруда аталган олдоксон мыйзамсыз иш-аракеттер, өлкөдө азыр болжолдонуп жана болуп өтө турган шайлоо өнөктүктөрүнөн кийинки нааразылык иш-чаралар үчүн «өтө жагымдуу» шарттарды түзөөрү шексиз. Ал эми бул жана дагы башка жагдайлар кошулуп олтуруп, Кыргызстан эли өз мамлекеттүүлүгүнөн айрылып калуу коркунучун туудурат.

Конституциялык палата Негизги мыйзамды коргоодогу чеп болуп, Конституциянын өзүнө да, анын тыянактарынын маани-маңызы же жол-жоболору болобу, ал тыюу салган түрдүү-туман кол салуулардын мизин кайтарууга тийиш. Аталган мамлекеттик мекеменин зор мааниси мына дал ушунда.

Жарандык көзөмөл комитети, талкууланып жаткан маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы Венециялык комиссияга суроо-талап жиберип, анын корутундусун алгандыгын жактырып, колдогон. Ошол жоопто, Кыргызстандын судьялары эч качан четке какпай жана талашпай турган тыянактар менен негиздөөлөр камтылган.

Бирок ошол эле учурда бизге белгилүү болуп калгандай, өз кызыкчылыктарын көздөгөндөр тарабынан, Конституциялык палатаны ал тийиштүү чечимди кабыл алууга жетиштүү болгон санда (кворум) чогултурбай коюу үчүн ар түрдүү ыпылас аракеттер тымызын жүргүзүлүүдө. Мындагы негизги максат – Конституция менен мамлекеттик түзүлүштү коргоо боюнча өз милдетин аткара турган органды жападан-жалгыз мыйзамдуу чечимди кабыл алуудан четтетүү.

Жарандык көзөмөл комитети, Конституциялык палатанын ар бир судьясын ынтымакташып, жарандык эрдикти жана бийик саясий жоопкерчиликти көрсөтүп, тийиштүү кворумду камсыз кылууга жана мыйзамдуу чечим чыгарууга чакырат!- деп айтылат кайрылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты