Канышай Мамыркулова: ​“Мени каралаган фейк аккаунтка каршы ИИМге кайрылдым”

Журналист Канышай Мамыркулованын дарегине фейк аккаунт тарабынан жеке кадыр -баркына шек келтирген карикатура чыгарылган. Журналист мыйзамдуу түрдө, укуктук жактан күрөшүүнү чечип, укук коргоо органдарына кайрылган. ПолитКлиника медиасы журналист Канышай Мамыркулова менен маек курду.


Адамдын керт башына асылган уят

Супара.KG сайтында бул пост жарыяланган. Постто этикага туура келбеген, адамдын абийрине шек келтирген сөздөр жазылган. Жолдо кайыр сурап отурган балалуу аялдын бетине Канышай Мамыркулованын сүрөтү чапташтырылган.

Журналист бул жөнүндө “адамдын иш-аракетин сындоо менен керт башына асылуу эки башка нерсе” дейт:

“Жалаа жабылганы — ырас. Мен коомчулуктун талкуусуна тыштадым. Кайсы гана саясатчынын жактоочулары болбосун, минтип адамдын жеке абийирине, адамдык кадыр-баркына шек келтиргени — таптакыр чектен чыккандык. Бул болбойт. Адамдын иш-аракетин сындоо менен керт башына асылуу эки башка нерсе. Бул үчүн мыйзам жагынан жооп берүүгө туура келет”, — деди.

Ошондой эле Канышай Мамыркулова өз дарегине жалаа жаап жаткан Адилет Осмонов аттуу колдонуучу тууралуу да пикирлерин баракчасына калтырып келет.

Канышай Мамыркулова бул ишти жеке иликтей баштаган. Кийин Адилет Осмоновдун фейк аккаунт болгонун аныктап чыккан. Аккаунттун профилиндеги сүрөт болсо, казакстандык блоггерге таандык болгон. Аталган аккаунттун постторунан “Мекенчил” партиясын колдой тургандыгын билсе болот. Мамыркулова “Мекенчил” партиясына да ачык кайрылган.

Журнаkисттин кайрылуусуна “Мекенчил” партиясынын өкүлдөрү Адилет Осмоновдун партияга тиешеси жок экенин айтышкан. “Менин колумда официалдуу кагазда “Мекенчилдер” тууралуу жазылып жүрөт. Ошондуктан, ал партияга кайрылуу катын берейин десем, лидери да, маалымат катчысы да, дареги да так эмес болгондуктан, кат ошол бойдон турат” деди ал.

“Адилет Осмоновдун учугу барып “Мекенчилдерге” такалат дегенден алысмын. Буга чейин “Мекенчилдер” жалаа жаппаңыз деп келишти. Мындай постторду ким чыгарып жатса да, уят”,-деди Канышай Мамыркулова.

ИИМ: “Иш тергөөгө өттү”

Бул боюнча Канышай Мамыркулова Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылган. ИИМдин маалымат кызматы алынган фактылар боюнча иш тергөөгө өткөндүгүн билдирген. “Кечээ эле сүйлөштүм. Иш дагы эле каралып жаткан экен”,-деп айтты Мамыркулова. Ал мындан сырткары Болот Темировго фактчек боюнча жардам сурап кайрылган. Аккаунтту Айбек Турдалиев аттуу журналист өз алдынча иликтеп, бул фейктин Талас облусуна эч кандай тиешеси жоктугун, бул казакстандык Азамат Ахмедов деген блоггер бала экенин таап чыккан.

Мыйзам боюнча кандай?

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 18-беренеси Граждандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин же юридикалык жактын ишкердик беделин коргоо маселелерин камтыйт.

Берененин биринчи пунктунда “Жаран өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу”,-деп берилген.

Берененин бешинчи пунктунда Өзүнө карата ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган жаран, мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

Мамыркулова эң чоң мыйзам бузуу катары карикатурада кичинекей баланын аралашып жүргөнүн баса белгилейт. Ал: “Көчөдө адамдардан жардам сураган аялдын эки-үч жашар баласын колдонгону- бул эч бир рамкага сыйбайт. Кимдин баласы болбосун, кайсы улуттан болбосун балдардын укугу жогору болуш керек. Мени каралагысы келсе да, кенедей баланын сүрөтүн колдонгон, бул такыр уят”,-деди.

Акча үчүн баарына даяр болгон мезгилде жашап жатабыз

Илимдин, техниканын заманында фейк аккаунт түзүп коюу оңой, бирок алар менен күрөшүү кыйын. Бирок, унчукпай карап туруу да туура эмес экендигин айткан Мамыркулова: “Троллдордун курмандыгы болгондор, көрүп туруп кол шилтеп коюп жатышпайбы. Мен мунун тарбиялык маанисин ойлодум. Бардык нерсенин чекити болушу керек. Себеби, бизди жамандагандар чет өлкөдөн келгендер эмес, жаныбыздагы эле кесиптештерибиз. Укуктук жактан иликтөө иштерин жүргүзүп жүрүп мен өз кадыр-баркымды коргогонго чамам жетпесе, анда жаш журналисттер кийин укугун кантип коргойт?”,-деп сөзүн жыйынтыктады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты