Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлиги парламентте колдоо тапты
- 4 года мурун
Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр тарабынан эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Ализа Солтонбекованы дайындоо тууралуу сунушу каралып, жактырылды.
Буга чейин Ализа Солтонбекованын талапкерлиги алгач Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде, ошондой эле социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде да каралып, колдоо тапкан.
Муну бөлүшүү