​Таттуубүбү Эргешбаева: “Жогорку Кеңештин жаңы Конституциянын долбоорун референдумга сунуштаганы — мыйзамсыз” (ВИДЕО)

Кыргызстандын юристтер жамаатынын координатору Таттуубүбү Эргешбаева “ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоору боюнча ой- пикирин билдирди.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын 80 депутаты Конституциянын долбоорун 17-ноябрь түнү коомдук талкууга алып чыгып, ал коомчулуктун сынына кабылды

Таттуубүбү Эргешбаеванын айтымында, бүгүнкү күндө бийлик бутактарынын толугу менен легитимдүүлүгү жок. Конституцияга эмес, жөнөкөй мыйзамга кол койгонго Жогорку Кеңештин укугу калбай калган. Анткени, Жогорку Кеңеш 28-октябрда толугу менен легитимдүүлүгүн жоготкон.

Ошондуктан, 80 депутат жаңы Конституциянын долбоорун референдумга сунуштаганы бул — мыйзамсыз, легитимдүү эмес. Муну жокко чыгарыш керек.

Эгерде Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган бул долбоор Конституциялык палата тарабынан “мыйзамсыз” деп табылса, анда анын негизинде өлкөдө кайра кайталанып өтүүчү парламенттик шайлоо тез аранын ичинде өткөрүлүшү керек. Бул биздин талабыбыз.

Анын негизинде легитимди бийлик бутактары орноп, алар тарабынан мыйзамдын процедуралары толук сакталып, Конституция боюнча референдум сунушталса, мыйзамдуу болмок.

Кененирээк видеодо:


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты