Венеция комиссиясы Жогорку Кеңеш конституциялык реформа жүргүзө албай турганын билдирди

  • 3 года мурун

Венеция комиссиясы 18-ноябрда Кыргызстандагы конституциялык реформага байланыштуу парламенттик шайлоону жылдыруу маселеси боюнча корутундусун жарыялады. Комиссиянын эксперттери Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча реформаны жүргүзө албай турганын белгиледи.

«Парламенттин мандаты конституциялык мөөнөттөн узартылган шартта, шайлоолор кийинкиге жылдырылган учурда парламенттин чектелүү гана ыйгарым укугу бар жана конституциялык реформаны жүргүзүүгө легитимдүү эмес» деп айтылат Страсбургдан иш алып барган комиссиянын корутундусунда.

Комиссия бардык конституциялык жана мыйзамдык өзгөрүүлөр Баш мыйзамда жана мыйзамдарда жазылган процедура жана мөөнөттөрдү сактоо менен ишке ашышы керек экенин белгилеген.

Аталган корутунду Кыргызстандын Конституциялык палатасынын 4-ноябрдагы өтүнүчү менен даярдалган.

Конституция долбоору талкууга коюлары менен коомчулуктун сын -пикирине кабылды. Конституция долбоору өлкөнү артка тартаары,орто кылымдарга алып барары Кыргызстанга коркунуч келээри белгиленип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты