​SOS! 23-берене ЖМКларга чоң коркунуч алып келет!

  • 4 года мурун

Жаңы сунушталып жаткан Конституциянын долбооруна ылайык, жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга жана каада-салтка каршы келген коомдук иш-чараларды уюштурууга жана ЖМКлар аркылуу жайылтууга тыюу салынат. Бул 23-беренеде айтылат. Ал эмнеси менен кооптуу?

Жарандык активисттер бул берене цензурага алып келип, айрым ЖМКларды ооздуктоого шарт түзүп калышы мүмкүн деп кабатырланууда.

Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова сунуш кылынган Башмыйзамдын 23-беренеси ЖМКга абдан чоң коркунуч алып келерин айтат:

Жаңы жазылган Башмыйзамдын 23-беренесинин 1-пунктунда “Жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга”, — деп жазылып атат, биздин баалуулуктар эч жерде жазылган эмес да. Кимдир бирөө “баалуулук” — деп эсептеген нерсени, экинчи адам “баалуулук” — деп эсептебей коюшу мүмкүн. Бул берене ЖМКларга абдан чоң коркунуч алып келет. Мисалы, бирөөгө маалымат жакпай калса, “Бул – баалуулуктарга карама-каршы келип атат”, — деп Массалык маалымат каражаттарын жаап коюшу мүмкүн”.

Аны менен катар эле, массалык маалымат каражаттарын дал ушул берене менен жоопкерчиликке тартышы мүмкүн экендигин белгилейт.

Биз, 2010-жылы Баш мыйзамга “Бирөөнүн намысына же беделине шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы үчүн жаза жоопкерчилигине тартылбасын”, — деген берене киргизгенбиз. Ошонун негизинде КРнын Жазык кодексинин “жалаа-жабуу, мазактоо” — деген беренелери алынып салынган. Бул өтө маанилүү болчу. Анткени, Акаевдин, Бакиевдин учурунда бир топ журналисттер ушул берененин негизинде соттолгон. Азыр да ушул беренени алып салып, ооз акчандардын баарына иш козгоп, четинен камай беришет”, — дейт Клара Сооронкулова.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, бул ачык эле ЖМКга болгон цензура экендигин билдирди.

Мисалы, Садыр Жапаров “хан” болуп калса, силердин сын көз караштагы макалаңар аларга жакпай калса, алар ушул берененин негизинде ЖМКларды жаап салышы мүмкүн”, — дейт Бекешов.

Демек, бул беренени эртең бийликтегилер өздөрүнө жакпай калган журналисттик иликтөөлөрдү, макалаларды жарыялаган ЖМКлар үчүн колдонбойт деген кепилдик жок. Буга чейин мындай көрүнүштөр болуп эле келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты