Жарандык көзөмөлдөө комитети: «Депутаттардын аракети мыйзамсыз жана Конституцияга каршы»

  • 3 года мурун

Жарандык көзөмөлдөө комитети прогрессивдүү күчтөрдү биригүүгө чакырган билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүдө Кыргызстандын келечеги коркунучта экени айтылат.

— Жарандык көзөмөлдөө комитети бардык прогрессивдүү күчтөрдү биригүүгө чакырат! Кыргыз Республикасы коркунучта!

«Биримдик», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынан жийиркеничтүү, ыплас шайлоого катышкан депутаттар Бакиевдердин, Матраимовдордун юристтеринин жардамы менен, эшикти бекем жаап алышып, Кыргызстандын элин эркинен ажыратууну көздөп Конституциянын долбоорун иштеп чыгышыптыр. Ыйгарым укугунун мөөнөтү өткөн Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын 80 депутаты масштабдуу конституциялык реформаны демилгелеп отурушат. 2020-жылдын 4-октябрында массалык толкундоолордун натыйжасында эл добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууга жетишти, ал эми Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы учурдан пайдаланып өзүнүн ыйгарым укугун өзү узартып алган.

Парламентке болгон шайлоо учурунда дал ушул партиялар — «биримдик», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан» – мурда болуп көрбөгөндөй басым, коркутуу, мажбурлоо жана сатып алуу жолдору менен Жогорку Кеңештеги мандаттардын дээрлик көпчүлүгүн басып алууну көздөшкөн. Эми ошол эле күчтөр Кыргызстан элин эркиндигинен ажыратып, авторитардык түзүлүш орнотуп, өлкөнү орто кылымга кайрып барууну каалашууда. Депутаттардын аракети мыйзамсыз жана Конституцияга каршы. Колдонуу мөөнөтү өткөн, элдин ишенимине татыбаган Жогорку Кенештин мамлекеттик курулушту өзгөртүүгө моралдык да, саясий да, укуктук да ыйгарым укугу жок. Тарых артка бурулбайт.

Мындай элге каршы аракеттер коомдо протест жана чыр-чатак жаратат. Кыргыз Республикасы коркунучта! Жарандык көзөмөлдөө комитети баардык прогрессивдүү күчтөрдү мыйзамсыз жана элге каршы болгон документти талкуулоого катышпай турууга чакырат, бул атайын даярдалган капкан. Жарандык көзөмөлдөө комитети бардык прогрессивдүү күчтөрдү биригүүгө жана Конституциянын быт-чытын чыгаруу менен мамлекетти басып алууну көздөгөн күчтөргө каршылык көргөзүү аракеттерин жөнгө салуу үчүн шашылыш түрдө коомдук-саясий кеңешүүлөрдү өткөрүүгө чакырат!-деп жазылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы Конституциянын долбоорун 17-ноябрь түнү коомдук талкууга алып чыгып, ал коомчулуктун сынына кабылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты