“2026-жылы лыжа трассалары ишке берилет. Жер сатып алып, отель, ресторан курууга шашылыңыздар”. Президенттин кайрылуусу
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак, Боз-Учук чокуларында салына турган тоо лыжа курорту жана анын айланасындагы отель, ресторан куруу үчүн жер сатыла баштай турганын билдирип, атамекендик жана чет эилдик инвесторлорго Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
“Урматтуу кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк инвесторлор! Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында салына турган тоо-лыжа курортун мындан ары «Ала-Тоо резорт» тоо-лыжа курорту деп атадык. Бул курорттун инфратүзүмүнүн курулуш иштери башталды. Инфратүзүмдү толугу менен мамлекеттин эсебинен бүтүрүп беребиз. Жыргалаң участогундагы биринчи асма жолу (канатная дорога) келе жаткан жылдын июль айында бүтөт. Демек, келерки 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында биринчи фазасы (Жыргалаң) аяктап, лыжа трассалары ишке берилет” деди президент.
2027 жана 2028-жылдары үч тоонун трассалары биригип, иштей баштаары тууралуу, андыктан жакын арада отель, ресторан жана башка объекттер сатыла баштай турганын билдирди.
“2027-жылы экинчи фазасы (Ак-Булак) жыйынтыкталып, 2028-жылы үчүнчү фазасы (Боз-Учук) бүтөт да, үч тоонун трассалары биригип, толук кандуу иштей баштайт. Жалпы “Ала-Тоо резорт” трассасынын узундугу 250 километрди түзөт. Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, жакын арада отель, ресторан жана башка объектилер салынчу жерлерди аукционго коюп, менчикке сата баштайбыз. Андан түшкөн акча каражаттары экинчи жана үчүнчү (Ак-Булак жана Боз-Учук) фазаларын курууга жумшалат” деп белгиледи мамлекет башчы.
“Биринчи фазасын (Жыргалаңды) курууга жумшала турган каражатты мамлекеттик казынадан бөлүп бердик. Калган эки фазасы (Ак-Булак менен Боз-Учук) республикалык казынага оорчулук келтирбеш үчүн жерлерди сатуудан түшкөн каражаттарга курулат. Аукциондон жерди утуп алгандарга бир эле талап болот. Эки жылда куруп бүтүп, ишке киргизүүсү керек”.
Мамлекет тарабынан бардык уруксат документтери бүткөрүлүп берилери белгиленди.
Жерлерди сатуу боюнча аукцион болжол менен июнь айынын биринчи декадасында башталат. Азыр көз карандысыз баалоочулар сатылуучу жердин наркын аныктап жатышат.
Аукционго мамлекеттик компаниялар жана чет өлкөлүк инвесторлор, кыргыз резиденттери (юридикалык жана физикалык жактар) катыша алышат. Аукцион ачык жана онлайн режимде болот.
Буга чейин президент Садыр Жапаров 2024-жылы 18-ноябрда, “Үч чоку” тоо лыжа кластерин ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн.
Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак үч чокусундагы жер тилкелери “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилген, геологиялык жана экологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
Сүрөт: Президенттин ФБ баракчасынан