2025-жылы Кыргызстанда 1100 километрден ашык жол салынат
- 4 недели мурун
2025-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 1 100 километрден ашык жол салынат, мындан сырткары, 135 миң чарчы метр аянтта чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4 айдаа аткарган иштердин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген кеңешмеде айтты.
Ал транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2025-жылга карата 24,7 млрд сомго каржылоо каралганын, алгачкы 4 айдын ичинде 10,1 млрд сом каржыланганын белгилегени МинКаб сайтында айтылды.
Курулуш иштери төмөнкү артыкчылыктуу объектилерде активдүү жүрүүдө: Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол, Нарын – Баетов, Ош – Баткен – Раззаков, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Киров, Бишкек – Ош, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа, Суусамыр – Талас – Тараз, Лебединовка – ГЭС-5, Бишкек – Кант, Түндүк айланма жолу, Жалал-Абад – Бегабад – Бажы, Ноокат – Араван, Семеновка – Ак-Суу (Кырчын), “Түндүк–Түштүк” жолундагы 5 кошумча курулуш объектиси, Барпы – Сафаровка.
Төрага белгилегендей, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушунун алкагында 2025-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда магистралдын негизги объектилеринин курулушу башталды, анын ичинде Фергана тоннелинин курулушу да бар.
Кыргызстандын аймагындагы бөлүгүнүн жалпы узундугу 304,94 км түзөт, 48 көпүрө жана 27 тоннель куруу пландалууда, алардын жалпы узундугу 119,69 км. Кыргыз Республикасы тарабынан 85 млн АКШ доллары бөлүндү.
Адылбек Касымалиев авиация тармагында 2025-жылдын башынан бери беш жаңы авиакаттам ачылып, авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү уланып жатканын кошумчалады.
Сүрөт: mtd.gov.kg