Сот Кудрет Тайчабаровду 30-декабрга чейин камакта калтырды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кудрет Тайчабаровду 30-декабрга чейин борбордогу №1 абак жайына камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.  

Ички иштер министрлиги (ИИМ) уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болушу мүмкүн деген шек менен Т.К.М. аттуу жаранды кармаганын билдирди. Ал тергөө иш-аракеттери үчүн Тергөө кызматына жеткирилген. Инициалдар Кудрет Тайчабаровдун аты-жөнүнө дал келет.

Тайчабаров буга чейин Жогорку Кеңешке талапкер болууга ниеттенип, бирок Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү тарагандан кийин БШК тарабынан каттоодон баш тартылган.

6-ноябрда БШК жыйынында Кудрет Тайчабаровду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты.

“Блондер пабда” Камчы Көлбаев менен сүрөткө түшүп, уюшкан кылмыштуу топко байланышы болгон деп ал ыкчам каттоого коюлгандыгы айтылды. ИИМдин өкүлү буга байланыштуу тергөө кызматында териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Кудрет Тайчабаров кримтөбөл Камчы Көлбаев менен сүрөткө түшкөндөгү окуя 2021-жылы 6-октябрда болгонун билдирди. Анда Тайчабаров Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп иштеген.

-Кара-Балта СЭЗИнде мамлекеттик темир жол бутагын бирөөлөр тосуп алып, ким вагон киргизсе, 350 доллар бересиңер деп коркутуу болгон. Ошол маселени чечип бериңиз деп инвесторлор мага келген. Биздин субъект кетебиз деп калды. Ыкчам чечим жолу ушул болду: уюшкан кылмыштуу топтун башчысы делген Камчы Көлбаевге жолугуп, ушул маселени чечип берсин суранып көрөлү деп кайрылууну чечтик,- деген Тайчабаров.

Ал мурда журналист, “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жана Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп иштеген. Акыркы мезгилде социалдык тармактарда бийликти сындап келген.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты