CISA эксперттери АКШдагы президенттик шайлоодо бурмалоо тапкан жок
- 4 года мурун
АКШда президенттик шайлоодогу коопсуздук үчүн жооп берген федералдык мекемелердин жогорку кызматтагы өкүлдөрү шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө көз боемочулукка жол берилбегенин билдиришти.
Алар президент Дональд Трамп менен республикачылардын бюллетендер жоголуп жана бурмаланып кеткени үчүн демократ Жо Байденге утулуп калышканы тууралуу билдирүүлөрүн четке кагышты. Бул тууралуу “Америка Үнү” кабарлады.
АКШнын Компьютердик жана инфраструктуралык коопсуздук боюнча агенттиги (CISA) “3-ноябрда америка тарыхында эң эле коопсуз шайлоо болду” деп билдирди. Бул билдирүүгө штаттардагы Шайлоо комиссияларынын улуттук ассоциациясынын башчылары, добуштарды саноо үчүн техникалык жабдууларды берген бир катар компаниялар кол коюшту.
“Кайсы бир добуш берүү системасы добушту өчүрүп же жоготуп алганы, добушту өзгөрткөнү же кандайдыр бир жол менен бузуп салганы тууралуу эч кандай далил жок”, — деп айтылат билдирүүдө.
АКШнын Компьютердик жана инфраструктуралык коопсуздук боюнча агенттигинин билдирүүсү Дональд Трамп добуш берүү жабдууларын өндүргөн компания Трампка берилген 2,7 миллион добушту өчүрүп салганын, ошол эле маалда Пенсильвания жана башка штаттарда Трампка берилген добуштарды Байденге каттап койгонун жарыялагандан кийин чыкты.
Добуш берүү жабдууларын чыгарган Dominion Voting Systems компаниясы жана Пенсильвания штатынын канцеляриясы Трамптын билдирүүсүн караманча четке какты.
Дональд Трамптын штабы шайлоо учурунда мыйзам бузулганын айтып, бир нече штатта сотко кайрылды. Азырынча соттор бул боюнча арыздардын бирин да канааттандыра элек.
Агенттиктин билдирүүсүндө өлкө боюнча шайлоо комиссияларынын кызматкерлери расмий жыйынтыкты жарыялоодон мурун штаттардын жана округдардын деңгээлинде добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра карап, кайрадан текшерип жатканын баса белгилеген.
Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялана электигине карабай, америкалык ЖМКлар Жо Байдендин жеңгенин билдиришүүдө. Дональд Трамп жеңилгенин мойнуна ала элек.