2023-жылы ЕАЭБке кирген мамлекеттерде баалар өстү

  • 2 месяца мурун

2023-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) кирген бардык мамлекеттерде азык-түлүккө кирбеген товарлар кымбаттаган.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында келтирилди.

Беш өлкөнүн ичинен максималдуу өсүш Кыргызстанда катталып, ал 10,4 пайызды түздү. Азык-түлүккө кирбеген товарлар Кыргызстандан тышкары Казакстанда 8,6 пайызга, Орусияда 6,2%, Беларуста 3,1 пайызга кымбаттаган. Эң төмөнкү баалардын өсүшү Арменияда (0,6%) катталды.

ЕАЭБге кирген беш өлкөнүн ичинен азык-түлүк Казакстанда баарынан кымбаттап, алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын кошкондо баалар эң көп өлчөмдө — 8,2 пайызга жеткен. Тамак-ашка болгон баанын өсүшү андан кийин Орусияда (8,1%), Беларуста (6,9%) жана Кыргызстанда (3,3%) катталган. Армениянын Статистика кызматынын маалыматы боюнча, тескерисинче, бул мамлекетте тамак-аш 4,5 пайызга арзандаган.

Статистикалык кызматтардын маалыматтары боюнча, 2024-жылдын январь айында мурунку айга салыштырмалуу бардык ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүндө керектөө бааларынын жана тарифтер жогорулаган.

Кыргыз Республикасында баалардын (0,2 пайызга) өсүшү  алардын азык-түлүк товарларына (0,4 пайызга) жогорулашы менен шартталган.

Январда декабрга караганда баалар Арменияда 2,0 пайызга, Орусия менен Беларуста 1,3 пайызга, Казакстанда 1,1 пайызга кымбаттаган.

Сүрөт: Интрернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты