2022-жылдан баштап жер салыгын төлөөдөн бошотуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу сунушталууда  

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлык айыл айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн шыктандыруу максатында иштелип чыккан.

Жарлыкта 2022-2025-жылдары айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталып, ошол эле учурда бул салыктын жоюлушуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготуулары да толтурулат.

Токтомдо  Министрлер кабинети жер салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялап, 2022-жылдан баштап 2024-жылды кошуу менен айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу каралган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин деп айтылат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты