“Түндүкэлектр” кызматкерлери кайра митингге чыгышты

  • 4 года мурун

Өкмөт үйүнүн алдында бүгүн, 11-ноябрда, «Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлери кайрадан тынч митингге чыгышты.

Алар экс-жетекчи Доскул Бекмурзаевди ордуна алып келүүнү талап кылышууда. Жамаат өкүлдөрү жаңы жетекчи менен иштей албай турганын билдиришүүдө.

“Түндүкэлектр” ишканасынын жумушчулары 30-октябрда да Бишкекте тынчтык митингине чыгышкан. Алар мурдагы башкы директор Доскул Бекмурзаевдин кызматына кайтарылышын талап кылышкан.

Буга чейин алар «Энергохолдингге» жана мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна бул маселе боюнча кайрылышкан, бирок жооп ала алышкан эмес.
Улан Астаркулов «Түндүкэлектронун» башкы директору болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты