ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү

  • 3 года мурун

Бүгүн, 10-ноябрда, Россиянын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйыны өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров октябрь айында Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына коомчулуктун нааразычылыктарына байланыштуу болуп өткөн окуяларга учкай токтолду.

Ал Президенттин милдетин аткаруучу катары коомчулуктагы туруктуулукту бекемдөө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыздоо, коронавирус жана анын кесепеттери менен күрөшүү, Кыргызстандын аймагындагы инвесторлордун укуктарын коргоо жана чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин жана мурда кол коюлган бардык эки жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашууларды толугу менен аткарарын баса белгиледи.

«Россия жетекчилигине жана Владимир Владимирович Путинге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга өз мезгилинде жана ырааттуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Кыргыз Республикасы Евразия интеграциясы маселелери боюнча Россия Федерациясынын ар дайым ишенимдүү өнөктөшү болот. Мамлекеттер аралык, экономикалык жана маданий байланыштарыбызды өнүктүрүү багытыбызды ырааттуу улантабыз. Биздин өлкөлөр ортосунда кызматташуу боюнча бир катар актуалдуу маселелер бар. Мен аларды телефон аркылуу байланышып, талкуулоону өтүнөр элем.

Кытай Эл Республикасынын коронавируска каршы күрөшүүдө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө гуманитардык, техникалык жана медициналык жардам көрсөтүп, зор салым кошконун белгилеп кетким келет. Биз Кытайга инфекцияга каршы күрөшүүдө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык аркылуу дагы көрсөткөн олуттуу жардамы үчүн ыраазыбыз. Ошондой эле, ШКУга мүчө- мамлекеттердин жана байкоочулардын — Өзбекстан, Казакстан, Индия жана Ирандын жетекчилигине бизге көрсөткөн гуманитардык жана медициналык жардамдары үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизге көрсөтүлгөн колдоону жогору баалайбыз», — деп белгиледи ал.

Президенттин милдетин аткаруучу пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу жана ШКУнун бардык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу азыркы учурда маанилүү милдет катары каралып жаткандыгын, буга байланыштуу соода-экономикалык чөйрөдө, анын ичинде санариптик экономиканы өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдөөгө, аны менен катар ири экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга көңүл буруу зарылдыгын билдирди.

«Пандемия аймактык масштабда транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүнүн маанилүү экенин көрсөттү. „Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жолунун курулушу келечекте биздин аймакты Жакынкы Чыгыш жана Европа мамлекеттери менен байланыштырып, өз ара сооданын өсүшүнө шарт түзөт.

Ошондой эле эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну иш жүзүнө ашыруу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу маанилүү деп эсептейбиз.

Экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн ШКУ Өнүктүрүү банкын жана ШКУ Өнүктүрүү фондусун түзүү боюнча ишти күчөтүү зарыл.

ШКУнун алкагында өз ара кызматташуунун бардык негизги багыттары боюнча кызматташуу үчүн олуттуу укуктук-ченемдик база түзүлгөндүгүн белгилеп кетким келет, бирок ошого карабастан, айрыкча соода-экономикалык тармакта алгылыктуу натыйжалар азырынча көп эмес.

Бул көрүнүш финансылык негиз түзүүнүн максатка ылайыктуу болуп жатканын алдын-ала аныктап турат.

Буга байланыштуу, ШКУнун 20 жылдыгына карата конкреттүү чечим кабыл алуу үчүн, каржы министрликтери аркылуу ишти активдештирүү зарыл” — деди Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты